Коом

Нарында ЖРТдан 200дөн ашык балл алган окуучуга унаа, мугалимге iPhone белек кылынат

Чолпон айылында ЖРТдан 200дөн ашык балл алган окуучуга унаа белек кылынат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылында мектеп окуучуларын билимге шыктандырууга багытталган саамалык болуп өттү. Жыйында быйылкы 2022-2023-жылкы бүтүрүүчүлөрү арасында сынак жарыяланып, алдыдагы ЖРТ сынагынан 200 баллдан жогору балл алган окуучуга демөөрчүлөр тарабынан унаа белекке берилмей болду. Мындан сырткары, окуучуларды мыкты даярдаган окутуучу агай-эжелердин бирөөсүнө акыркы үлгүдөгү iPhone уюлдук телефону белек кылынмакчы. Ал эми, жалпы Кочкор району боюнча ЖРТ сынагынан алдыга озуп чыккан окуучуга 100 миң сом акчалай сыйлыгы «Кочкор» коомдук фонду тарабынан берилери убада кылынды»,- деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button