Коом

ИИМ: Алдамчылыкка шектелген Нарын облусунун тургуну кармалды

Ички иштер органдарына Бишкек шаарынын тургуну (аял киши) алдамчылык жолу менен башка бирөөнүн акча каражаттарын ээлеп алуу максатында алдамчылык аракеттер болгонун айтып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранып, арыз менен кайрылган.

Маалым болгондой, бейтааныш жаран алдамчылык жолу менен көмүрдү биргелешип сатуу шылтоосу менен арыздануучунун ишенимине кирип, 250 000 сом акча каражатын алган. Андан кийин аталган кылмышка шектүү жаран кандайдыр-бир көйгөйлөрдү чечүү үчүн дагы 150 000 сом сурап, алгандан кийин белгисиз тарапка изин жашырып кеткен. Келтирилген материалдык чыгым 400 000 сомду түзөт.

Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер тарабынан шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, Нарын облусунун тургуну 1986-жылы туулган С.М. тергөө кызматына жеткирилген. Белгилей кетсек, кылмышка шектүү бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Аталган кылмышка шектүү Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button