Коом

Каракол шаарында гарнизондук бөлүштүрүү иш-чарасы болуп өттү — ФОТО

Каракол шаарынын борбордук аянтында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын күчтөрүнүн жана каражаттарынн гарнизондук бөлүштүрүү иш-чарасы болуп өттү, аны областтык милициянын башчысы, милициянын полковниги Канат Джумагазиев өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов катышты.

Мындай иш-чаралар салттуу болуп калды жана саптык даярдыктын, сырткы келбетин, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча кызмат өтөөгө жана өз милдеттерин аткарууга милиция кызматкерлеринин даярдыгын текшерүү максатында өткөрүлөт. Мындан тышкары, бөлүштүрүү келе жаткан жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу жүргүзүлүп, майрам күндөрү ИИОнун даярдык деңгээли «жогорулатылган»деп аныкталган.

Областтык милициянын башчысынын айтымында, облус боюнча майрамдык иш-чараларды жана элдик майрамдарды өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн 800гө жакын милиция кызматкерлери жана элдик эркин кошуундардын 600гө чукул мүчөсү тартылат. Облустун борбору Каракол шаарында коомдук тартипти сактоого Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин 250 кызматкери жана 60 эркин элдик кошуундардын мүчөлөрү катышат.

«Алдыдагы жаңы жылдык майрам күндөрү облустун жашоочулары жана коноктору өздөрүн коопсуз сезиши керек, бул биздин башкы милдетибиз.

Биздин жарандар милиция бар экендигин жана ал коопсуздукту камсыз кылууга жөндөмдүү экендигин билиши керек», — деди ал.

Гарнизондук бөлүштүрүү милиция кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшү менен аяктады, андан кийин алар бекитилген аймактарга кызмат өтөөгө жөнөштү,- деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button