Коом
Ысык-Көлдө 35 млн долларлык күн электр станциясы пайда болот

Аны кыргыз-казак «Күн булагы» компаниясы курат.
Улуттук энергохолдингдин TazaEnergy компаниясы менен Казакстандын TGS-Energy Ltd инвестициялык ишканасы келишим түзүп, ортодо аталган мекемени ачышты.
Ал 2023-жылдын соңуна чейин Ысык-Көлдө 50 МВт кубаттуулуктагы күн станциясын курмакчы. Ал үчүн 80 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Станциянын иштөө мөөнөтү 25 жылдан ашарын айтышты.
Биргелешкен ишкана келечекте Кыргызстан боюнча жалпы кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станцияларын курууну пландоодо.
@user2



