Окуялар

УКМК: Нарын областында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

2023-жылдын 4-январында КР УКМК тарабынан Кочкор районунун аймагындагы жер тилкени мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.Ы.А. кармалды.

Тергөө жүрүп жаткан Кочкор районунун аксакалдар кеңешинин жамааттык арызы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2022-жылы жеке жактарга кайра сатуу максатында өз билемдик менен Кочкор районунун аймагынан 100 гектардан ашык жер тилкесин ээлеп алган адам А.Ы.А. кармалды. Андан соң аталган А.Ы.А. аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүн физикалык күч колдонуу менен коркуткан.

Белгилей кетсек, кармалган А.Ы.А., 2022-жылдын декабрь айында Кочкор РИИБнин жетекчилигин колго алуу менен Кочкор айылындагы кафенин ээсинен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Ш.Н.О.нун Кочкор районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп эсептелинет.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгерде сиздерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалап акча талап кылып коркутуп жатса же укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз жасалып жаткан кылмыш фактылар боюнча маалыматтар болсо, Улуттук коопсуздук органдарына билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button