Пайдалуу кеңештер

Жаш өткөн сайын сымбаттуу болуп, ашыкча салмак таштагыңыз келеби? Адистин кеңеши

50 жаштан өткөн соң белди кантип ичкертип, дене бойду сындуу кармаса болот. «Доктор Питер» басылмасы бул тууралуу Огайо университетинин (АКШ) диетологу Лори Чонгдун пикирин жазды.

«Жаш өтүп калганда дене бойдон бир нерсени өзгөртүү кыйын деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок жакшылап аракет кылса, ишке ашпай турган эч нерсе жок. Бул учурда жаш кездегидей көп күчтү талап кылган көнүгүүлөрдү жасай албайсыз. Бирок тамакты ылгап жеп, денени сынында кармаса болот», — деди адис.

Ошондой эле ал 50дөн кийин белди ичкертүүнү каалагандарга кайсы эрежелер жардам берерин санады:

Машыгуу. Жүрөккө көп күч келтирбеген дене көнүгүүлөрүн баштаңыз;

Көбүрөөк суу ичиңиз. Бул нерсе метаболизмди жакшыртат;

Тамакты тарта жеңиз. Организм мурдагыдай жегендин баарын оңой менен сиңире албайт;

Көп басыңыз. Себебин түшүндүрүүнүн зарылдыгы жок;

Таттуу жана газдалган суусундуктардан баш тартыңыз;

Клетчаткага бай тамактарга басым жасаңыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button