Коом
2022-жылы Энергетика министрлигине 9,53 млрд сом каралган

2022-жылы КР Энергетика министрлигине 9 млрд 530 млн 400 миң сом өлчөмүндө каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— бюджеттик каражаттар 1705,6 млн сом;
— атайын эсептин каражаттары 24,4 млн сом;
— мамлекеттик инвестиция 7800,4 млн сом.
«2022-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мекемелер тарабынан керектелген электр энергиясынын чыгымдарын жабууга жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга 831,2 млн сом каралган», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, 2022-жылы бюджеттик кредиттер 10 млрд 567,5 млн сом өлчөмүндө такталып, 100% каржыланган.



