Акылбек Жапаров: ИДПнын көлөмү триллион сомго жакындап калды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөткө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү.

Маалымат кызматы билдиргендей, жыйында Кыргызстанды өнүктүрүүнүн негизги макроэкономикалык сценарийлери талкууланып, экономика жана коммерция министринин отчету угулган.

Жапаров экономикалык туруксуздуктун жана белгисиздиктин шартында КРдин ички дүң продукциясын Дүйнөлүк банк 5, Эл аралык валюта фонду 0,9 пайызга төмөндөйт деп болжолдогонун, бирок иш жүзүндө, тескерисинче, өсүш болгонун белгилеген.

“Бул божомолдорго карабастан улуттук экономиканын өсүү темпи бүткүл отчеттук мезгилде оң динамикасын көрсөттү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн ИДПсы 919,4 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107 пайызга жетти. Муну менен биз 1 триллион сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык”, — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле ал жогоруда аталган эл аралык институттар быйыл кыргыз экономикасынын өсүү болжолун кайра карап чыкканын кошумчалган.