Коом

ВИДЕО: Ысык-Көлдө «Мал ууру» операциясы аяктады

Ысык-Көл облусунун аймагында 18-марттан 28-мартка чейинки аралыкта мал уурулуктун алдын алуу жана аталган кылмыштардын бетин ачууга багытталган «Мал ууру» ыкчам-профилактикалык операциясы болуп өттү.

Иш-чаранын он күндүк мезгилинде эки жүздөн ашуун милиция кызматкерлери жана 10 ветеринардык кызматтын кызматкерлери тартылган болчу. Операциянын жүрүшүндө 20дан ашык мал союучу цехтер, эт сатып алуу жана сатуу боюнча ишкердик менен алектенген 40ка жакын жеке адамдар текшерилип, мал жана эт азыктарын ташыган 37 даана автотранспорт кароодон өткөрүлүп, мал баккан жерлердин кайтаруу талаптары боюнча түнкү текшерүүлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле түнкү текшерүүлөр мал базарларында да өткөрүлдү.

«Мал ууру» операциясынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун аймагында орун алган 37 кылмыштын бети ачылды, анын 5 учуру мал уурулук менен байланышкан.

Жыл башынан болсо, Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын өндүрүшүндө мал уурдоого байланышкан 36 кылмыш иши бар болчу. 25 кылмыш иши боюнча тергөө өндүрүшү аяктап, соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Мал уурулуктун бетин ачуу пайызы 69,4 пайызды түздү. Бардыгы болуп 58 баш мал уурдалып, тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө уурдалган 37 баш мал, өз ээлерине кайтарылып берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button