УКМК: Талас шаарынын мэриясынын кызматкери жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаарынын мэриясынын ММБнын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Д.Э. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде аталган кызматты ээлеп турганы аныкталды.

Бул факты боюнча жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.