Окуялар

УКМК: Ысык-Көл облустук медициналык маалымат борборунда мыйзамсыз жөлөк пул алуу фактылары аныкталды

КР УКМК тарабынан КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук медициналык маалымат борборунун жетекчисинин жана кызматкерлеринин эмгек акысына мыйзамсыз үстөк кошуп эсептөө фактылары аныкталды.

Алсак, аталган саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Оор жумуштарга жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарга кошумча акыларды белгилөө тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө эмгек шарттары бар иштердин (оор жумуштар, эмгектин зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө шарттары бар жумуштар) түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу өзгөчө климаттык шарттар менен иштөө)» туралуу 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258-токтомуна таянуу менен, зыян келтиргендиги үчүн эмгек акысынын 25% өлчөмүндө үстөк акы алышкан, бирок тиешелүү ченеми 2022-жылдын август айында күчүн жоготкон.

Мындан тышкары аталган мекеменин жетекчилиги КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январдагы №13 «Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө» токтомуна таянып, эмгек акысын 5% өлчөмүндө үстөк акы алып турган, ал токтом 2022-жылдын мартында күчүн жоготкон.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук медициналык маалымат борборунун жетекчиси жана кызматкерлери тарабынан келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулган, — деп билдирди УКМКнын маалымат кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button