Коом

«Ушул тагдырга туш келем деп ойлогон эмесмин». Ташиев тууган-уруктан мамлекеттик кызыкчылык жогору турарын айтты

Мен бул посттум менен туугандарга да коңгуроо кагып жатам. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Кыргызда бийликке келген соң, тууган-уругуң көбөйүп кетет. Мен комитетте деле чогулуш өткөрөм да, «эгерде менин кайсы бир тууганым, жакындарым кылмыш кыла турган болсо, коркпостон жоопкерчиликке тарткыла» деп айтам. Өзүңөр коркуп жатсаңар мага алып келгиле. Мамлекеттин кызыкчылыгы турганда, тууган-уруктун мааниси азайды. Мен ушул тагдырга туш келем деп ойлогон эмесмин. Бүгүнкү күндө мамлекеттин гана кызыкчылыгын коргошум керек болуп калды. Менин башка жолум жок. Ушул жол менен аягына чейин чыгып, жакшы адам болуп чыгып кетем, же ушул жол менен барып жаман адам болом»,- деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button