Коом

УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды — ФОТО

2023-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Президенти — Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен УКМКны жаңы административдик имаратынын капсуласы салынды.

Курулушту баштоо аземине КР УКМК жетекчилери, өздүк курам жана атайын кызматтын ардагерлери катышты.

К.К.Ташиев мындай заманбап имараттардын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн натыйжалуулугу жогорулай турганын белгиледи. Мындан тышкары, ал өздүк курамга кызматтык тапшырмаларды так аткарып, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы жигердүү күрөшүүнү улантуу керектигин эскертти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button