Коом
Бишкек — Балыкчы поезд каттамы 16-июндан тарта жанданат
Алгач каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат, ал эми 17-июлдан 31-августка чейин поезд күндө каттайт.
Поезд “Бишкек-2” станциясынан саат 07:40та чыгып, “Рыбачье” станциясына саат 11:42де келет. Кайра борбор калааны көздөй саат 17:48де жөнөп, саат 21:50дө келет.
Билет баасы:
▪Жөнөкөй вагон: чоңдорго 150 сом, жаш балдарга 73 сом
▪Люкс вагон: баарына 500 сом
Сурап-билүү номерлери: 0705 076696, (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40