Болгарияга бармакчы болуп, Стамбулда жоголуп, кийин табылган кыргыз кыз. Жаңы жагдайлар айтылды

Стамбулда эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан кыз кечээ, 5-июлда аман-эсен табылган.
- 24-июнда Кыргыз жаранынан кызы акыркы эки күндөн бери байланышка чыкпагандыгы туурасында маалымат түшкөн. Анын айтымында, кызы Стамбул шаарынан Болгариянын Варна шаарына автобус менен бара тургандыгы белгиленген. Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбулдун Сабиха Гөкчен аэропортунун миграциялык кызматына мекендишибиздин Түркияга кирүү убактысын тактоо боюнча кайрылышкан. Кыргыз жараны эч тоскоолдуксуз Стамбул аймагына кирген деген маалымат алынган.
20 жаштагы кыргызстандык Жазгүл Шамуратованы кабыл алган Кадыкөй шаарынан Севинч Куртулуш аттуу ишкер айым маалымат каражаттарына окуянын чоо-жайын айтып берген. Анын маалыматы Haberton басылмасына жарыяланды.
Маалым болгондой, Жазгүл 24-25-июнь күндөрү Кадыкөйдө болгон жана жергиликтүү тургундар кызды аймактык полция бөлүмүнө алып барышканы айтылган. Анын Хасанпаша полиция бөлүмүнө кирип-чыгып кеткен учурлары видеобайкоо камераларына жазылып калган.Севинч Куртулуш кыргызстандык менен болгон сүйлөшүүнүн чоо-жайын айтып берди. «Мен аны Кадыкөйдө жолуктурдум. Мен бир кафеге келдим, ал жерде досум Хакан Бей ошол жерде болчу, ал мага орусча билгеним үчүн чалып чакырган экен. Мен аны менен сүйлөштүм, ал Болгариянын Варна шаарына барышы керектигин айтты. Стамбулда адашып калганын үч күн мурун аэропорттон чыгып, андан бери ачка экенин, ушул кафеде ага тамак бергенин, ошондой эле аэропортто чемоданын жоготуп алганын, ал жерде бирөө менен урушуп кеткенин айтты жана ал автобуска түшүп, адашып кеткен»,- деди ишкер айым.
Жазгүлдүн айтымында, ал Варнага программа боюнча бир нече ай мейманканада иштөө үчүн бара жаткан. «Биз анын апасы менен байланышууга аракет кылдык, бирок майнап чыкпады. Ал аэропортто таштап кеткен же жоготкон чемоданын айта берди. Ал менден Варнага билет сатып берүүнү суранды, мен макул болдум, бирок ал паспортун жакын жердеги мейманканага таштап кеткенин айтты, бирок ал полицияга баргысы келген жок. Мен анын чемоданы полцияга кайрылганда гана табыларын айтып, аны көндүрдүм. Мен аны үйүмө чакырдым. Үйдө жарым саат эс алып, эжем менен сейилдөөгө кетти. Кийин уулум аны Хасанпаша полиция бөлүмүнө алып барган. Ал саат 19:30да милиция бөлүмүнө кирип, 23:30га чейин ошол жерде болуп, анан чыгып кеткен экен. Ошондон кийин мен аны көргөн жокмун. Биз жергиликтүү мейманканаларга чалдык, бирок ал эч жерде катталган эмес экен», — деди Куртулуш.



