Коом

ИИМ: Улан Ниязбеков Түркиянын Миграция кызматынын башчысы Атилла Торос менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбековдун Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Миграция кызматынын башчысы Атилла Торос менен жолугушту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түркия Республикасынын Ички иштер министри Али Ерликая менен болгон жолугушууда кыргыз тарабынан айтылган сунуштарды жана демилгелерди кеңири талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Атилла Торосту жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, жемиштүү кызматташууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркия Республикасынын аймагында жүрүү маселелерин чечүү багытында кызматташууга ишенимин билдирди. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөрдү, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы стратегиялык бир туугандык мамилелерди эске алуу менен Түркияда Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгү тууралуу кеңири түшүндүрүп берди.

Миграция кызматынын башчысы Атилла Торос кыргыз тараптын сунуштарын кылдаттык менен иликтеп чыгууга даярдыгын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркияда турушу боюнча тыгыз кызматташуу ниетин билдирди. Тараптар Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы чет өлкөлүк мекемелери аркылуу туруктуу жумушчу байланыштарды улантууну макулдашышты, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button