Коом

ИИМ: Түркияда К.Кутмановдун уурдалышы тастыкталган жок. Учурада аны департациялоо маселеси чечилүүдө

2023-жылдын 28-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына 1960-жылы туулган К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, анын 1988-жылы туулган К.К. уулунун Туркиянын аймагынан белгисиз жарандар уурдап, арыздануучудан 600 000 АКШ доллар акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Маалыматтарды эсепке алуу журналына” автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган.

2023-жылдын 29-майында К.Кутманов Кыргыз Республикасынын чегинен Казакстан Республикасы тарапка чыгып кеткендиги аныкталган.

Казахстан Респкбликасынын Ички иштер министрлиги К.Кутманов Казакстандын аймагына 29.05.2023-жылы жөнөп, андан кийин Алматы-Вьетнам каттамы менен учуп, андан соң 13.06.2023-жылы Вьетнам-Алматы каттамы менен учуп, андан кийин Алматы-Москва каттамы менен РФга учуп кеткендиги аныкталган.

Ошондой эле, КР ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү К.К. РФга Алматы-Москва каттамы менен келгенин, андан кийин 14.06.2023-ж. Москва-Цюрих-Дубай каттамы менен учканын, 19.06.2023-ж. Дубай-Москва каттамы менен РФга кайтып келгенин, андан соң Москва-Стамбул каттамы менен Түркияга учканын аныктаган.

Ал эми, Түркия ИИМдин КРдагы өкүлчүлүгү К.Кутманов Стамбул шаарына 19.06.2023-жылы Москва-Стамбул каттамы менен келгенин аныктады.

2023-жылдын 10-июлунда Түркиянын Стамбул шаарындагы полиция органдарына К. Кутманов өзүнүн уурдалгандыгы тууралуу арыз менен өзү кайрылган, бирок атайын иш-чаралардын жүрүшүндө түрк полиция органдары тарабынан уурдоо фактысы тастыкталган эмес.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын өндүрүшүндө эко-фонддогу коррупция фактысы боюнча кылмыш иши каралып жатат, 13.06.2023-жылы (бул күнү К.Кутманов Алматы-Москва каттамы менен учуп кеткен) шектүү катары К. Кутмановдун жакын досу 1989-жылы туулган Х.Ш.Т. кармалган. Азыркы учурда ал КР УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бул тууралуу К.К. Вьетнамдын аэропортунда жүргөндө билген.

2023-жылдын 27-июнунда К.Кутманов  кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

2023-жылдын 11-июлунда К.Кутманов миграция кызматы тарабынан кармалып, учурда Кыргыз Республикасына депортациялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси чечилүүдө, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button