Бул тууралуу топтун мүчөсү, бишкектик журналист Андрей Токомбаев билдирди.
Топто мугалимдер, филологдор жана тарыхчылар бар. Алар Приднестровьеге орус тили боюнча конференцияга катышуу үчүн бара жатышкан.
“Куралчан полиция кызматкерлери бизди аэропорттун экинчи кабатындагы бурчта экин күндөн бери кармап турат. Паспорт менен жүктөрүбүздү алып коюшту”, — деди Токомбаев.
Кыргызстандын ТИМи бул тууралуу азырынча маалымат бере элек.