Акжол Махмудов эки ирет катары менен дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль утту. Ал Дүйнө чемпионатынын финалында  азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешти.  

Буга чейин жарым финалда япониялык спортчу Нао Кусаканы 7:5 упай эсебинде утуп, Олимпиада оюндарына жолдомо алган.  

Бул балбандын дүйнө чемпионатында уткан экинчи алтын медалы. Мындан тышкары, Махмудов Азиянын үч жолку чемпиону, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси.