Бишкекте орточо айлык акы 462,3 долларды түздү. Башка өлкөлөрдө канча?

Август айында Бишкекте орточо айлык акы 462,3 АКШ долларын түздү, деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Астанада орточо айлык акы 1 миң 48,1 доллар, Москвада – 1 миң 598,9 доллар, Минскте – 857,3 долларды түздү.

Буга чейин республика боюнча бир жумушчунун орточо айлык акысы 2023-жылы январь-март айларында 30 миң 729 сомду түзгөнү маалымдалган.