Коом
Бүгүнтөн тарта микроавтобустарга ашуулар аркылуу эл ташууга тыйуу салынат

Эртеңден тарта өлкөнүн ашуулары аркылуу маршруттук автоунаа (сыйымдуулугу 16 орунга чейин) жана дөңгөлөктөрү кышкыга алмаштырылбаган минивен менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынат
Мындай чектөө кыш мезгилинде жол кырсыктардын алдын алуу максатында киргизилип, кийинки жылдын 1-майына чейин уланат.
Буга байланыштуу Транспорт министрлиги айдоочулардан кышкы мезгилине автоунаасын даярдабай туруп, ары-бери каттабоону, өзгөчө Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу жолго чыкпоону суранат.
@abal-kg



