«Астраханда беш кабаттуу үйдүн эки подъезди урап калган. Кыйроонун себеби пайдубалды ным тартып кеткен. Учурда бир адамдын өлүмү катталды. Ал улгайган аял» — деп билдирет Mash Telegram каналы.
Маалым болгондой, урап түшөөрдүн алдында үйдүн жашоочулары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине телефон чалып, үйдө жарака бар экенин билдиришкен. Келген куткаруучулар 213 адамды, анын ичинде 37 баланы эвакуациялоого жетишкен.
Учурда урап түшкөн үйдүн жашоочулары дагы барбы же жокпу белгисиз. Бирок күбөлөр урандылардын астынан үндөр угулуп жатканын айтышууда. Куткаруучулар 5-кабатта жашаган пенсионер каза болгонун билдиришкен.