Коом
Күн ачык болот. 18-декабрга карата аба ырайы
Дүйшөмбүдө республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көлдө -2…+3, ал эми Нарында -4…-9 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +5…+7, Ош калаасында +6…+8 градуска чамалап барат.



