Коом

Кыргызстанга Түркиянын ТИМ башчысы Хакан Фидан келди

Кыргызстанга Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан расмий сапар менен келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, сыйлуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев тосуп алышкан.

Сапардын алкагында ал өлкө жетекчилиги жана ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button