Коом

Бишкектеги №3 балдар ооруканасында эки жашар бөбөк чарчап калды. Апасы менен дарыгер эмне дейт?

13-январь күнү милицияга баланын атасы кайрылып, шалаакылык кылган дарыгерлерге чара көрүүнү суранган. Экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды. 

Башкы дарыгер Акылбек Мамановдун айтымында, баланы 13-январь күнү апасы алып келген. Бөбөк эки күндөн бери ооруп жаткан, бирок апасы ошол убакыт аралыгында дарыгерлерге барган эмес. Биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин баланын абалы жакшырып, Жалдагы ооруканага жөнөтүү үчүн Тез жардам чакыртылган. Бирок 20 мүнөттөн кийин кайра оорлоп, реанимацияга түшкөн. Дарыгерлер колдон келгенин жасаганы менен бөбөк чарчап калган. 

Ал эми баланын энеси Кайыргүл баласы мурда оорубаганын, 13-январда гана эти ысып, кышылдап дем алып калганын белгилеп, дарыгерлер кош көңүл мамиле жасаганын айтууда: 

Ингаляция жасашты, кислородго отургузушту, бирок жардам болгон жок. Балам улам агарып-көгөрүп жатты. «Эже, көрүп жатасызбы» десем «менин сменам бүттү башка карайт» деп кетип калды. Жаңы келген дарыгер да кирип-чыгып жакшы караган жок. «Эже, бала көгөрүп жатат го» десем, “көгөрбөй эле жакшынакай турат, Тез жардам келет ага чейин эч нерсе кыла албайм отуруп турсун” деп кетип калды. Бөлмөдө баламды кучактап жалгыз отурдум. Уулум реанимацияга киргенден кийин чыкпай калды…

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button