Коом

Өзгөндү айланып өтүүчү жолдун курулушу башталды

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү автомобиль жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов билдирди.

Долбоорго ылайык, узундугу 14 чакырымды түзгөн айланма жол курулат. Ошондой эле узундугу 206, 75 жана 12 метрди түзгөн 3 жаңы көпүрө курулат. Долбоордун курулушунун жалпы наркы 29, 4 млн долларды түзөт.

«Курулуш, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө жеке өнөктөш тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин өнөктөш жолду мамлекетке өткөрүп берет», — деди агенттиктин директору.

Белгилей кетсек, Өзгөн шаарынын айланасында айланма унаа жол куруу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров 2023-жылдын декабрында кол койгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button