Спорт

Футзал боюнча кыз-келиндер командасы Душанбедеги турнирди жеңиш менен баштады

Футзал боюнча кыз-келиндер курама командасы Душанбеде өтүп жаткан борбор азиялык CAFА турнирин жеңиш менен баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.

Ата мекендик команда Түркмөнстан менен ойноп, атаандаштарын 3:1 эсебинде жеңген. Бүгүн тажик командасы менен экинчи оюн болот.

Турнирге Кыргызстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринин курама командалары катышууда. Жеңүүчү бир айлампадан кийин топтолгон упайлардын негизинде аныкталат. Бардык командалар бири-бири менен ойноп чыгышмакчы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button