Коом

Тоң районунунда жер тилкелери менен алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Февраль айынын башында Бөкөнбаев айылынын үч тургуну Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Алар өз арыздарында белгисиз адам Кажы-Сай шаар тибиндеги конушунан жер тилкелерин сатам деген шылтоо менен алдап, акчаларын алгандан кийин, изин жашырып кеткендигин көрсөтүшкөн. Үч жаранга келтирилген жалпы материалдык чыгым 970 миң сомду түздү.

Жарандардын арыздары Тоӊ РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иштери козголгон.

Көрүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү жаран аныкталып, кармалган. Ал, Каракол шаарынын 51 жаштагы тургуну Б.Б. болуп чыкты жана сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт. Ошондуктан шектүүнүн алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0501-351-020, 0701-065-102, 03947-91-3-42 телефондору аркылуу, же болбосо Тоң РИИБдин тергөө кызматына кайрылууну суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button