Орок айылындагы стадиондун курулушу 10-15 күндө башталат

Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун башчысы Камчыбек Ташиев билдирди. 

Ал журналисттерге стадион эки жылда куруларын, долбоор  көзөмөлүндө экенин айткан. 

Курула турган арена 40 миң кишиге ылайыкташкан. Мындан сырткары, быйыл Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион дагы оңдоло тургандыгы белгиленди.