Без рубрики

Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго «Ардактуу профессор» наамы ыйгарылды

2024-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык илимий-изилдөө университети тарабынан “Ардактуу профессор”  наамы ыйгарылып, күбөлүгүн жана атрибуттарын (академиялык мантияны жана анын баш кийимин) КЭУнун ректору Алмаз Кадыралиев тапшырды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдирди.

Салтанат аземинен кийин, Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын иши тууралуу студенттерге жана профессордук-окутуучулук курамга дарс окуду.

Алмазбек Акматов Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түзүлүшү, аткарылган иштери, эл аралык байланыштар, аудит системасы жана алдыга койгон максаттары тууралуу кеңири айтып берди.

Иш-чаранын аягында Алмазбек Акматов студенттердин суроолроруна жооп берип, университеттин эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирип, студенттердин окууларына ийгилик каалады.

“Дарсымды жыйынтыктап жатып, учурдан пайдаланып, урматтуу Төлөбек Кадыралиевич, сизге жана сиз түптөгөн Кыргыз Экономикалык университетинин жетекчилигине жана жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдирип кетем. Сиздин көп жылдык аракетиңиз менен түзүлгөн Кыргыз Экономикалык университети бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бере турган алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири болуп турат. Ушул окуу жайынан билим алып, келечекке аттанган бүтүрүүчүлөрдүн ыраазычылыгы сиздерге буюрсун. Мен ойлойм, КЭУнун бүтүрүүчүлөрү, бүгүнкү күндө, чоң-чоң ийгиликтерге жетишти болуш керек деп. Анткени, 1991-жылы мен дагы сиз жетектеген окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнөн болуп, өз колуңуздан диплом алган элем. Азыркы кездеги жетишкендиктерим Сиздерден алган билимдин, тарбия-таалимдин жыйынтыгы деп ойлойм. Мага окшоп агайдын колунан диплом алган бүтүрүүчүлөрдүн көбү, бүгүнкү күндө, элибизге, мамлекетибизге алгылыктуу кызмат өтөөдө. Сиздерге дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем жана ийгиликтерди каалайм. Ал эми урматтуу студенттер ар дайым билимге умтулуңуздар, билими бардын келечеги кең болот, окууларыңарга ийгилик каалайм” – деп, сөзүн аяктады.

Ал эми КЭУнун ардактуу ректору, башкы илимий кеңешчиси Төлөбек Камчыбеков өз сөзүндө, Алмазбек Шаршембиевичти студент кезинен жакшы таанып, алгачкы жол көрсөтүүчүсү катары салымы болгонун сыймыктануу менен белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button