Коом

УКМК: 100 миң сом пара алып жаткан жеринен прокуратура кызматкери жана ИИМдин тергөөчүсү кармалды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК менен бирдикте КР ИИМдин Нарын облусу боюнча ички иликтөө кызматы укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында  Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жана Нарын облустук прокуратурасынын кызматкери тарабынан кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн пара талап кылгандыгы жөнүндө маалыматтар алынган.

Аталган факты боюнча тиешелүү арыздын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, тактап айтканда ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 5-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Нарын облусунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Нарын облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору М.С.жана Нарын облусунун ИИБ Тергөө кызматынын тергөөчүсү Э.Н. козголгон кылмыш иши боюнча арыз ээсинин маселесин оң чечкендиги үчүн пара талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган иш боюнча топтолгон далилдердин негизинде көзөмөл органынын кызматкери, ошондой эле ИИМдин кызматкери кармалып, белгиленген мөөнөттө УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө тиешелүү айып тагылып,  бөгөт коюу чарасын тандоо маселеси чечилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button