Коом

“Акча тапсаң — сакта, келечекке пайда” аттуу Глобалдуу акча жумалыгы өтөт

18-марттан 24-мартка чейин Кыргызстандын бардык аймактарында «Акча тапсаң – сакта, келечекке пайда» деген ураан менен Глобалдуу акча жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды жана тренингдерди өткөрөт.

Мындан тышкары, социалдык тармактарда #GMWKyrgyzstan2024 хештеги менен жайгаштырылган экскурсияларды, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрүн, балдардын сүрөттөрү, видеороликтери боюнча сынактарды жана башка ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтындаФинсабат сайтында жана Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылган.

Маалымат үчүн: Глобалдуу акча жумалыгы (Global Money Week) – бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания.

Иш-чаралар күндөлүгү менен бул шилтемеден таанышууга болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button