Коом
“Улуттук кийим — улутубуздун күзгүсү”

Жазгы күн менен түндүн теңелүүсү – Нооруз майрамынын алдында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан “Улуттук кийим – улутубуздун күзгүсү” аттуу челлендж уюштурушту.
Бул демилге руханий баалуулуктарды өнүктүрүү жана улуттук кийимдердин маанисин эл арасында жайылтуу максатын камтыды. Анткени, улуттук кийим – бул ар бир элдин визиттик карточкасы. Ал этникалык топтун тарыхы менен тыгыз байланышта жана элдин турмушунун жана жашоо образынын ажырагыс бөлүгү, ошондой эле элдин материалдык мурасынын, экономикалык жана социалдык капиталынын эң маанилүү фактору болот. Демек, маданий баалуулуктарды топтоо жана өркүндөтүү бүтүндөй коомдун руханий өнүгүшүнүн негизи болуп саналат.



