Коом

Соң-Көлгө 5 миллионго жакын чабак кое берилди

Соң-Көл көлүндөгү «Жаман эчки» тилкесинде 4 млн 875 миң чабак кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сига-лудога балыктары министрликке караштуу Балык чарба департаментинин “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан кое берилген.

«Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калган. Улуттук илимдер академиясынын изилдөөсүндө суу сактагычта балыктар жакшы өсө тургандыгы аныкталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button