Коом
«Мадина» базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов камактан бошотулду

Маалымат булак билдиргендей, ишкер мамлекетке 15 миллион долларлык чыгымдын ордун толтуруп берген. Ошондой эле соттун чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил кат жазып берген.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Салимов уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп шектелип жатканын билдирген.



