Спорт

Кыргызстандык боксчу Санжай Сейдакматов эл аралык турнирде коло медаль утту

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Санжай Сейдакматов эл аралык мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

“Улуу Жибек Жолу” аталыштагы турнир Азербайжандын Баку шаарында өтүп жатат.

Кыргызстандык спортчу 57 кг чейинки салмакта 1\4 финалдык баскычтан баштады. Биринчи раундда тажикстандык Мухаммадали Хасановду нокаутка кетирип, 1\2 финалда өзбекстандык Худойназар Фаизов аттуу мушкерге 2:3 эсеби менен жеңилип, 3-орунду камсыздай алды.

Белгилей кетсек, 24-мартта башталган турнир 29-мартка чейин уланат. Ага 11 өлкөдөн келген спортчулар катышууда: Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Россия, Польша, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Иран, Италия, Пакистан жана Венгрия. Кыргызстандын атынан 5 мушкер катышты.

Эркектер арасында 13 салмак ченинде, ал эми кыз-келиндер арасында 5 салмакта беттештер өтүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button