Коом

Ошто сейрек кездешүүчү, жоголуу коркунучунда турган жаныбарды аткандар кармалды

Ош облусунун Алай районунда жоголуу коркунучунда турган куран жаныбарын аткандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 15-февралда милиция аңчылыктан кайтып келе жаткан 4 жаранды текшерген. Алардын жанынан жаныбардын башы, 4 туягы, 6 баштыкка салынган жаныбардын эти, эки куш жана 4 мылтык менен ок-дарылары алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Топтолгон материалдын жана экспертизанын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (жоголуу коркунучунда турган жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүнө, ошого тете пайдаланууга тыюу салынган жаныбарларга карата аңчылык кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча шектүү катары 51 жаштагы К.К., 50 жаштагы А. уулу Ж., 34 жаштагы М.уулу А. жана 50 жаштагы Ү.К. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө амалдары учурунда алар аңчылыкка тыюу салынган мезгилде жоголуу коркунучунда турган куран (сибирская косуля) жаныбарын атып өлтүргөнү аныкталган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button