Спорт

Кыргызстандык парадзюдочулар Түркиядагы мелдешке катышат

Кыргызстандык парадзюдочулар Түркиянын Анталия шаарында өтө турган “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш бүгүн, 29-март күнү башталып, 2-апрелде жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан 4 спортчу барат.

Курама команданын тизмеси:

— Фердауза Убакирова — 48 кг;

— Темирдан Абдикеримов, Алихан Жумагулов — 60 кг;

— Маматибрагим Суранов — 73 кг;

— Байбол Саламат уулу коштоочу — машыктыруучу;

— Айзада Жээналиева коштоочу  -машыктыруучу.

Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Канатбек Имяновдун жетекчилиги алдында катышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button