Коом
Адигине капчыгайында адашып кеткен россиялык турист эки баласы менен куткарылды
Чет элдик коноктор кечээ “Ала-Арча” паркынан тоого чыгып, кескин өзгөргөн аба ырайынан улам артка кетчү жолду таппай калышкан.
Куткаруучулар менен ыктыярчылар кечээ саат 21:55те издөөгө чыгышкан.
“Тоонун экинчи тарабы менен издеп келе жатып, болжол менен түнкү саат 3тө сүйлөшкөн үндөрдү уктук. Көрсө, атасы тоңуп калган балдарын сооротуп жатыптыр, алар жеңил кийинип алыптыр”, — деди лейтенант Нургазы Орозов.
Россиялык киши 49 жашта, кызы 19, уулу 10 жашта экени айтылды.