Спорт

Күрөш боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнирге катышчу кыргызстандык балбандардын тизмеси жарыяланды

Күрөш боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнирде Кыргызстандан сегиз спортчу күч сынашат. Мелдештер 9-12-майда Стамбулда өтөт.

Төмөндө Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандын командасынын курамы:

Эркин күрөш:

Орозобек Токтомамбетов (74 кг салмак ченинде);

Атай Изабеков (86 кг салмак ченинде);

Андрей Аронов (97 кг салмак ченинде);

Айаал Лазарев (125 кг салмак ченинде).

Грек-рим күрөшү:

Азат Салидинов (86 кг салмак ченинде);

Үзүр Жусупбеков (97 кг салмак ченинде);

Роман Ким (130 кг салмак ченинде).

Ушуга чейин 2024-жылы боло турган Олимпиадага кыргызстандык тогуз спортчу лицензия утту.

ЖМКлардын маалыматтарына таянсак, Стамбул турнири — 2024-жылы өтүүчү Олимпиадага жолдомо алуунун соңку мүмкүнчүлүгү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button