Быйыл кызыл аттестатты эң көп Бишкектин бүтүрүүчүлөрү алышат

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылындагы “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияcынын жыйынтыгы менен орто жалпы билими тууралуу артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктагандыгын маалымдайт.
Бул тууралуу билим берүү министрлигинен маалымдашты.
Шаар, облустар боюнча: Бишкек шаарынан – 68 окуучу,Чүй облусунан – 20 окуучу,Ош облусунан – 17 окуучу,Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,Баткен облусунан – 9 окуучу,Талас облусунан – 8 окуучу,Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,Нарын облусунан – 6 окуучу,Ош шаарынан – 6 окуучу.
Тест жүргүзүү 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер “Алтын тамга” ЖМАны 4 милдеттүү окуу сабагы боюнча тапшырышты: математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия.
“Алтын тамга” тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.



