Жарандарды террористтик уюмдардын катарына кошулууга азгырган шектүүнүн иши сотко өттү

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан Интернет тармагында экстремисттик, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.
Бишкек ШИИББдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы алынган маалымат боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда борбор калаадан Интернет аркылуу жарандарды экстремисттик, террористтик уюмдардын катарына кошулууга азгырган чет өлкөлүк жаранды кармашты. Ал Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекстандын Ислам кыймылы” жана “Джамаат ат-Таухид валь-Джихад” террористтик уюмдарынын активдүү мүчөсү болгон.
Бул жаран Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн катарына башка жарандарды кошуу үчүн азгыруу иштери менен алектенүүгө шектелүүдө.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүмүндө (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда кармалган шектүү күнөөсун толугу менен мойнуна алып, топтолгон материал сотко өттү.
Бул кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралы жүрүп жатат.



