Кыргызстанда жаштар күнүн белгилөөнү сентябрга жылдыруу сунушталды

Кыргызстанда 30-сентябрды Жаштар күнү катары белгилөө сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги коомдук талкууга чыгарды. http://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/3954
Өкмөттүн 2002-жылдын 14-январындагы токтомуна ылайык, учурда бул даталуу күн 10-ноябрда белгиленип келет.
«Жаштар күнү өсүп келе жаткан муунга, анын көйгөйлөрүнө жана жетишкендиктерине тиешелүү маселелерге көңүл бурууга багытталган маанилүү окуя. Бирок майрамдоонун учурдагы датасы, 10-ноябрь кемчиликтерге ээ. Жаштар күнүн 30-сентябрга жылдыруу иш-чаралардын натыйжалуу жана ыңгайлуу өтүшүнө салым кошо алат, ошондой эле климаттык жана башка аспектилерди эске алат», — деп жазылган негиздемеде.
Анда белгиленгендей ноябрда суук болуп, массалык иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайсыз. Ал эми сентябрь жылуурак жана жаан-чачын да азыраак жааган мезгил экени айтылган. Ошондой эле сентябрда белгилөө жаштардын окуусуна тоскоолдук жаратпай турганы жүйөө катары келтирилген.



