Спорт

Бүгүн олимпиадада кыргызстандык эки спортчу күч сынашат

Бүгүн Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар Сардана Трофимова менен Айпери Медет кызы күч сынашат.

Трофимова саат 12:00дө баштала турган марафондо чуркайт.

Айпери Медет кызы коло медаль алуу үчүн күрөшмөкчү, азырынча анын атаандашы белгисиз. Беттештер саат 15:00дө башталат.

Ал эми Эрназар Акматалиев коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Себеби аны жеңип алган венгриялык Исмаил Мусукаев жарым финалда утулуп калды.

Ошону менен бүгүн Париждеги Олимпиада аяктайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button