Өзгөндө эки биртууганды сабады деп шектелген жаран кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаранды кармашты.
Алсак, 2024-жылдын 9-май күнү саат 16:00 чамасында Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын жашоочусу 1987-жылы туулган Н. О. өзүнүн кылмыштуу шериктери менен бирге ээн таладан Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жашоочусу 1995-жылы туулган З.уулу Б. жана анын бир тууган иниси 1997-жылы туулган З.уулу Б.ны өз ара пикир келишпестиктен улам аёсуз сабашкан. Натыйжада, 1995-жылы туулган З.уулу Б. денесинен оор жаракат алган.
Аталган факты боюнча жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышып, анын негизинде Өзгөн РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пункту (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүү катары Н. О.го издөө жарыяланган.
Тергөө тапшырмасынын негизинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлерине ыкчам иш-чараларды жүргүзө башташкан. Натыйжада 2024-жылдын 14-август күнү саат 06:00 чамаларында жогорудагы кылмышка тиешеси бар издөөдө жүргөн жаран 1987-жылы туулган Н.О. кармалды. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын маалыматы боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болот.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иликтөө иштери уланууда.



