Кызыктар

Кесиптештер менен жумуш тууралуу гана сүйлөшүңүз: 20-сентябрга гороскоп

Кой. Эртең менен эле жумуш ыргагына кирип кетүү кыйын болот. Жеңил жумуш, кесиптештер менен жагымдуу сүйлөшүүлөр менен иш күнүн баштаңыз. Бардык маанилүү иштерди түштөн кийинкиге жылдырыңыз. Жакындар жана достор оор кырдаалда жардам берет, зарылчылдык болсо аларга кайрылуудан тартынбаңыз.

Букачар. Бул күнү жумуш көйгөйлөрүнөн алыстап, жакындарыңызга, туугандарга, досторго көңүл буруңуз. Телефон чалыңыз же көрүшүңүз. Жумуш боюнча кандайдыр бир маанилүү, күтүлбөгөн жакшы кабар алышыңыз мүмкүн.

Эгиздер. Сизде майда жагымсыз иштер топтолуп калган, мындан аркыга аларды калтырууга болбойт. Аракет кылып аягына чыгарып салыңыз. Бүгүн өжөрлүк көрсөтүп каалаган нерсеңизге жетсеңиз болот. Бирок жаныңыздагыларга басым жасабаңыз, сылык болуңуз.

Бөйөн. Жасаган иштердин катасын оңдоого ылайыктуу күн. Жыйынтыгына ыраазы болуу үчүн буга чейин жасап бүткөн иштерди кайра карап чыгыңыз. Бөйөндөр бүгүн абдан сезимтал болуп, алда неге тынчсызданат жана өзүнө болгон ишеними төмөндөйт.

Арстан. Күндүн темасы- каржы маселеси болот. Эс алууга же чоң сатып алууга ири сумма короткуңуз келип баштайт. Жылдыздар каражатты кийинкиге да калтырып үнөмдүү болууга кеңеш беришет. Кайсы бир өткөн чактын маселеси кайра жашооңузга кирип чечимди талап кылат.

Бийкеч. Бүгүн кабыл алынган чечим окуянын кийинки өнүгүүсүнө таасир берет. Ошондуктан олуттуу караңыз. Ошондой эле мурда кетирген жаңылыштыгыңызды түздөңүз, эски иштерге кайтып барыңыз. Бүгүн ойлонбой айтылган сөз мамилелерди бузуп коюшу мүмкүн.

Тараза. Жылдыздар кесиптештер менен алаканы бүгүнчө азайта турууну айтышат, бир гана жумуш темасында сүйлөшүңүз. Анткени сиз чыр-чатакка, бирөөнү таарынтып алууга оңой аралашасыз. Сөздөн абайлаңыз.

Чаян. Кандайдыр бир жакшы кабарды, керектүү маалыматты жеткирген ийгиликтүү күн болот. Жаңы таанышууларда интуицияңызга кулак салып, маектешиңизди абайлап тандаңыз. Сиз үчүн пайдалуу сунуш түшүшү мүмкүн.

Жаачы. Маанилүү күн. Бүгүн ала турган нерсеңиз мурдагы чечимдериңиздин жыйынтыгы. Зарыл болсо ишмердүүлүгүңүздүн багытын өзгөртүңүз. Азыр жаачылар артка тарткан нерсенин баарынан арыла алат.

Текечер. Өзүңүздүн каржылык абалыңызды бекемдөө менен алектениңиз. Иш өнөктөштөр жана кесиптештер менен сизди кызыктырган перспективалар тууралуу сүйлөшүү пайдалуу. Жагымдуу кабар алышыңыз мүмкүн.

Суу пери. Жаңы ийгиликтүү мүмкүнчүлүктөр, өнүгүүнүн жолдору ачылышы толук мүмкүн. Кызуу кандуулук менен чечим кабыл албаңыз. Жакындарыңызга убакыт бөлүңүз.

Балык. Оптимист адамдардан турган компания табуу сизге абдан керек. Алар менен сүйлөшүү кандайдыр бир өзгөчө нерсе жасоого эргүү берет. Шашылбай бардык ишти миң ойлонуп анан чечиңиз. Күнү бою жакшы маанай менен жүрүүгө аракет кылыңыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button