Шашпай жашаганды үйрөнүңүз: 3-сентябрга гороскоп

Бүгүн эч кайда шашпаңыз. Дагы бир аз убакыттан кийин баары өз жайына келет.
Кой. Эртең менентен баштап тааныш эмес маселелерди чечүүгө киришесиз. Бирок билбеген нерсеңизди да ички сезимиңизге таянсаңыз оңой өздөштүрөсүз. Лидерлик сапатыңыз толук ачылат, ал айрым кесиптештериңиздин ич күйдүлүгүн жаратышы мүмкүн. Бирок жетекчилик аракетиңизди баалайт. Пландалбаган акча коротуулардан качыңыз.
Букачар. Сабырдуу болуңуз. Бүгүн сизде бардык нерсе биринчи аракеттен эле ишке ашат. Айрым кызыктуу идеяларыңыз ишке ашпай тургандай сезилиши мүмкүн. Айрым жеке иштериңизде сиз таасир эте албаган себептерден улам бир аз тыныгуу болушу мүмкүн. Көпчүлүк “букачарларга” жаңы маалыматты кабыл алуу оор болот. Катачылык кетирбөө үчүн бардык документтерди кылдат карап чыгыңыз.
Эгиздер. Күндүн биринчи бөлүгүндө эч кандай маанилүү маселелерди колго албаңыз. Күнүмдүк маселелерге аралашып, документтерди иреттеп, кетирген катачылыктарды оңдоңуз. Эгерде кайсы бир жакка жол жүрүүгө туура келсе, көп көңүлдү ошол жакка буруңуз, анткени сапарыңыз күтүлбөгөн себептерден токтоп калуусу мүмкүн. Жумуш боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болуп калышы ыктымал. Бирок өзүңүзгө тагылган милдетти жакшы аткарасыз.
Бөйөн. Сиз буга чейин кыйынчылык жараткан тапшырмаларды да аткарасыз. Күч-кубат жана энергиянын көбөйүшү максатыңызга кадам таштоого жардам берет. Айрымдар карьера тепкичинде көтөрүлүшөт. Иш сапарына чыгууга ийгиликтүү күн, эгерде бул күнү иш сапарына барсаңыз көздөгөн ишиңиз оңой жана бат чечилет.
Арстан. Күндүн башталышында бир нече ийгиликтүү мүмкүнчүлүк кабылат. Болгону аларды өз убагында байкап, колдон чыгарып жибербеңиз. Убактыңызды жөн эле коротпой, майда болсо да маанилүү нерселерге арнаңыз. Кесиптештер жана иш өнөктөштөр менен баарлашуу эки тараптык түшүнүүчүлүк менен коштолот.
Бийкеч. Демилге көтөрүп, жаңы долбоорлорду колго алууга ылайыктуу күн. Кандай тапшырма болбосун оңой аткарасыз. Ийгилик сизге жылмаят, а жетекчилик аракетиңизди байкайт. Айрымдар таасирдүү тарапташтарга ээ болуп, узак мөөнөттүү келишимге кол коет.
Тараза. Эртең менентен баштап эң сонун маанайда болосуз. Жетекчиликтин көзүнө урунбаганга, кесиптештер менен талашып-тартышпаганга аракет кылыңыз. Сизге жумушка берилүү оор болот, бирок ага карабай аракет кылыңыз. Эгерде өзүңүздү колго ала билсеңиз, кандай тапшырма болсо да аткарууга дараметиңиз жетет.
Чаян. Эртең менентен эле маанилүү чечим кабыл алууга киришпеңиз. Сиз дайым эле бардык жагдайларды эске ала бербейсиз. Жаңы маалымат келип, белгиленген планыңызга өзгөрүү кириши мүмкүн. Айланадагылар маанисиз нерселер менен алагды кылышы мүмкүн, бул сиздин ачууңузду келтирет.
Жаачы. Эртең менен жакындарыңыз менен тил табышуу кыйын болот. Сиз өзүмчүл жана кежир адамга айланасыз. Баары эле сиз ойлогондой боло бербейт. Ниети жакшы эмес адамдардын аракетине кабыласыз, бирок жеңиш сиз тарапта болот. Каржы операциялары үчүн ийгиликсиз күн.
Текечер. Бүгүн тоону томкоруп жиберүүгө да күчүңүз жетет. Чыгармачылык демилгелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлү пайда болот, ошондуктан эң бир күчтүү пландарыңызды да ойлонуштура бериңиз. Айланадагылар өтүнүчүңүздү орундатышат, ал турмак өздөрү жардам сунушташат. Өзүңүзгө болгон ишеним каржы маселелерин тез чечүүгө өбөлгө болот.
Суу пери. Ашыкча эле ишенчээктик сизге зыянын тийгизет. Ошондуктан бардык маалыматтарды тактап, ички сезимиңизге кулак төшөп, катачылык кетирбегенге аракет кылыңыз. Айланадагылар менен мамиледе азыраак пикир келишпөөчүлү болот, бирок олуттуу конфликт орун албайт. Аткараарыңызга көзүңүз жетпесе убада бере бербеңиз.
Балык. Токтоо жана сабырдуу болуп көп татаал маселелерди чечип аласыз. Жаңы иш өнөктөштөр менен сүйлөшүү ийгиликтүү болот. Айрым “балыктар” үй-бүлөлүк маселелер менен алектенет, бирок ал сизди чарчатпайт. Тажрыйбалуу кесиптештердин же улуу туугандардын кеңеши пайдасын тийгизет, аларга кулак салыңыз.



