Коом
Кулиев көчөсүндө жолдо бараткан кишиге бычак сайып, тоноп кеткендер кармалды

Окуя 7-ноябрь түнкү саат 3:30да Кулиев көчөсүндө болгон. Кылмышка шектүүлөр дүкөндүн жанынан өтүп бараткан адамга кол салып, санга бычак сайып, жанындагы телефону менен 45 миң сомун алып кетишкен.
Милиция 20, 26, 27 жана 29 жаштагы төрт жигитти кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Тартип сакчылар сүрөттөгү балдардан жабыркагандар болсо +996-507-456-007 же 102 номерине кабарлап коюуну суранат.



