Коом
6-декабрда күтүлгөн аба ырайы

6-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн −1…-6, күндүз +1…+6
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −2…-7, күндүз 0…+5
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн −4…+1, күндүз +4…+9
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн −3…-8, күндүз +2…+7
Нарын облусунда түнкүсүн −12…-17, күндүз −1…-6
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн −3…-5°, күндүз +3…+5° жылуу болот.



