Өлкөдө −35 градуска чейин суук болот
Кыргызгидромет кайрадан катуу суук тууралуу эскертүү таратты. Синоптиктердин маалыматы боюнча, республика боюнча −35 градуска чейин суук болушу күтүлөт.
Маалыматка ылайык, 11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн −10…-15°, күндүз −4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн −6…-11°, күндүз −1…-6°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −12…-17°, күндүз −2…-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −18…-23°, күндүз −6…-11°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн −13…-18°, күндүз −5…-10°, тоолуу райондорунда түнкүсүн −22…-27° суук, күндүз −13…-18°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн −30…-35°, күндүз −14…-19° суукка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.



